Кыргызстандык спортчулар Италиядагы мелдеште 7 алтын медаль утту
Кыргызстандык спорттук аба акробатика боюнча спортчулар Италияда өткөн эл аралык мелдеште 10 медаль утту. Анын жетөө алтын, бирөө күмүш жана экөө коло медаль. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Мелдеш 28-30-март күндөрү өттү.
Европа, Америка, Бразилия жана Жапониянын спортчулары катышкан.
Кыргызстандын намысын коргоп төмөнкү курам катышты:
- Кузьмина Кира;
- Вологина Инесса;
- Болотова Гульбара;
- Эль-Хуари Эвелина;
- Семчишина Полина;
- Асанова Айыма;
- Гайворонская Дарина;
- Иванова Валерия;
- Коваль Дарья;
- Борбуева Арууке;
- Болотова Бегимай.
