Ош шаарында 1-ноябрда эл аралык шахмат турнири өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Ош шаарында 1-ноябрда эл аралык шахмат турнири өтөт

2026-жылдын 1-ноябрында Ош шаарында балдар жана чоңдор арасында тез шахмат боюнча IV эл аралык ачык «Ак ладья» – Е.Н. Миловидовдун жаркын элесине арналган турнир өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдиришти.

Мелдеш «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде (Бекбалаев көчөсү, 63/1) өтүп, саат 09:00дө башталат.

Быйылкы турнир Россиянын Элдеринин биримдиги жылына жана Эл биримдиги күнүнө арналат.

Катышуучулар алты курактык категорияга бөлүнөт. Алар 7, 9, 11, 13 жана 15 жашка чейинки балдар, ошондой эле 2010-жылы туулган жана андан улуу шахматчылар арасында күч сынашат.

Мелдеш FIDEнин эрежелерине ылайык, швейцариялык система боюнча тогуз турдан турат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, буга чейинки «Ак ладья» турнирлеринин жеңүүчүлөрү Кыргызстанды Россияда өткөн Жаш мекендештердин дүйнөлүк оюндарына катышып келишкен.

Турнирге катышуу үчүн арыздар 30-октябрда саат 14:00гө чейин кабыл алынат. Арызда катышуучунун аты-жөнү, жарандыгы, туулган күнү жана FIDE ID номери көрсөтүлүшү керек. Чоңдор үчүн FIDE ID болушу милдеттүү, ал эми балдар үчүн бар болсо көрсөтүлөт.

Мелдешти Ош облусунун жана Ош шаарынын шахмат федерациялары Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жана Оштогу Орус үйүнүн колдоосу менен уюштурууда.