Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
24 апрель

Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкек шаарында 26-27-апрель  күндөрү Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата  кармашып урушуу боюнча өлкө биринчилиги өтөт. 

Мелдешке  республиканын бардык аймактарынын келген спортчулар катышат. 

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:
Эркектер арасында : 57, 62, 67, 73, 80, 88, 97, +97 кг;
Кыз-келиндер арасыда: 48, 53, 58, 64, 70, +70 кг;

Өзүн-өзү коргоо боюнча:
Эркектер арасында (18-37 жаш): 70, 80, 90, +90 кг;
Кыз-келиндер арасында (18-37 жаш): 50, 70, +70 кг;
Эркектер арасында (38-49 жаш): 75, 95, +95 кг;
Кыз-келиндер арасында: 60, +60 кг;
Эркектер арасында (50-60 кг): 85, +85 кг.

Белгилей кетсек, өлкө чемпионаты  Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана карамашып урушуу боюнча федерациясы тарабынан уюштурулууда.