Куала-Лумпурда АФКнын 35-Конгресси орун алды
12 апрель

Куала-Лумпурда АФКнын 35-Конгресси орун алды

Бүгүн, 12-апрелде Куала-Лумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 35-Конгресси өттү. Конгресске АФКга мүчө болгон 47 улуттук футбол ассоциацияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Кыргыз футбол биримдигинин атынан уюмдун Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев, Вице-президенти Канатбек Абдыкадыров жана КФБ Президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов катышты. Конгресске Борбордук Азия футбол ассоциациясынан Аткаруу комитетинин курамында КФБнын Вице-президенти Дастанбек Конокбаев да катышты.

Конгресстин жүрүшүндө АФКнын Президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Конфедерациянын улуттук жана аймактык ассоциацияларга каржылык салымдарын көбөйтүүнү жарыялады. Бул Азия континентинин футболунун тарыхында Катарда өткөн эң мыкты АФК Азия Кубогун жана рекорддук 16 мелдешти өткөргөндөн кийин мүмкүн болду.

«Мелдешти өткөрүүдөгү реформалар, анын ичинде эркектер жана аялдар арасындагы клубдук мелдештер АФКнын миссиясын ишке ашыруунун алкагында орун алууда. Мен Азия футбол үй-бүлөсү жаңы бийиктиктерге жете турган пайдубал мурда болуп көрбөгөндөй күчтүү экенин белгилеп кетүүгө кубанычтамын. Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктана алабыз. Биздин ийгилигибиз көбүнесе азиялык футбол үй-бүлөсүнүн биримдигинин, АФКнын бардык мүчөлөрүнүн колдоосунун жана реформалар программасынын биргелешкен жетекчилигинин аркасында болду», – деп билдирди Шейх Салман.

Конгресс ошондой эле 2025 жана 2026-жылга бюджеттерди, жана эле аудиттен өткөн каржылык отчетту бекитти.