Нуржан Жетыбаев Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу болду
Ата-мекендик адис – Нуржан Жетыбаев Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Машыктыруучу тууралуу: Нуржан Алымкулович Жетыбаев 45 жашта.
- Кыргыз Республикасынын кичи-футбол боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.
- футзал боюнча эл аралык даражадагы B-UEFA машыктыруучулук лицензиясынын ээси
Башкы машыктыруучу кызматындагы иш тажрыйбасы:
- 2010-2012жж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу;
- 2017-2019жж. – Кыргыз Республикасынын футзал боюнча жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу;
- 2017-2020 – Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы.
- 2017-2020 – МФК«Сан Сити» башкы машыктыруучусу;
- 2021-2022, 2022-2024 - МФК «Южный Урал» башкы машыктыруучусу;
- 2022 – МФК «Сиб-транзит» башкы машыктыруучусу;
- Эскертсек, улуттук команданын мурунку машыктыруучулар штабы ишин улантышат.
Эске салсак, 2026-жылдын 28-январь-8-февраль күндөрүндө Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курамасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө ойнойт.
