Кыргызстандык тайбоксчулар Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында 13 алтын медаль утту
20 март

Кыргызстандык тайбоксчулар Таиландда өткөн дүйнө чемпионатында 13 алтын медаль утту

Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 20 медаль утту. Анын 13ү алтын, бешөө күмүш жана экөө коло.  

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, 9-мартта башталган чемпионат 19-мартта жыйынтыкталды.

Алтын медалдын ээлери: 

  • 37 кг Давид  Ахматов (11 жаш); 
  • 54 кг Бектур Шаимбеков (13 жаш);
  • 54 кг  Акылбек Нурланбек уулу (20 жаш);
  • 57 кг Мухамедали Алиев (24 жаш);
  • 63.5 кг Никита Цой  (29 жаш);
  • 63.5 кг Нурсултан Медербек уулу (21 жаш) 
  • 75 кг Кубанычбек Жолдубаев (34 жаш); 
  • 71 кг Султан Атагельдиев (19 жаш);
  • 67 кг Эрнар Аманжолов (20 жаш);
  • 48 кг Чүрөк Таджибекова (15 жаш)
  • 54 кг Диана Зайнитдинова (15 жаш);
  • 48 кг Алия Саалыева (16 жаш);
  • 51 кг Милана Шихшабекова (18 жаш);

Күмүш медалдын ээлери:

  • 67 кг Темирлан Асылбеков (14 жаш);
  • 60 кг Элазан Замирбеков (25 жаш);
  • 71 кг Ахмед Ашурбеков (19 жаш);
  • 57 кг Вероника Ахматова  (15 жаш);
  • 60 кг Аделя Асылбек кызы (17 жаш);

Коло медалдын ээлери:

  • 57 кг Альберт Бактыбеков (19 жаш);
  • 60 кг Ихтияр Каныметов (23 жаш);

Курама команда машыктыруучулар  Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Али-Мурад Гаджиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.