
Эверестти багындырган Асел Байбагышева мекенине кайтып келди
Дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверест тоосун ийгиликтүү багындырып кайткан кыргыз альпинисткасы Асел Байбагышева бугүн мекенине кайтып келди.
"Манас" эл аралык аэропортунан спортчуну Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, жакындары жана анын эрдигине, спорттук жетишкендиктерине суктанган көптөгөн күйөрмандары тосуп алды.
Асел Байбагышева жылуу тосуп алгандарга жана колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди. Ал бийиктикти багындыруу тууралуу таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстандын атынан Эверестте жүргөндө чоң жоопкерчиликти сезгенин белгиледи.
Эске салсак, Байбагышева 2025-жылдын 11-майында Эвересттин чокусуна ийгиликтүү чыгып, Кыргыз Республикасынын желегин көтөргөн. 12-майда ал базалык лагерге аман-эсен түшкөн. Анын активинде Ленин чокусу, Хан-Теңири, Жеңиш чокусу, Эльбрус жана башка маанилүү чокуларды багындыруу бар.