Бишкектеги жаңы стадиондо дүйнөлүк спорттук бренддер орун алышы күтүлүүдө
15 октябрь

Бишкектеги жаңы стадиондо дүйнөлүк спорттук бренддер орун алышы күтүлүүдө

Курулуп жаткан 51 миң орундуу стадиондун курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер да ишке берилмекчи. Бул жерлерде дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары күтүлүүдө.

Президенттин тапшырмасынын негизинде бул багытта иштер жүрүп жатат. Учурда бир катар эл аралык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев белгилегендей, стадионду кургандан кийин анын сапаттуу пайдаланылышы жана туруктуу каржылык камсыздоосу боюнча да маселелер чечилиши зарыл. Ал:

«Мына ошондуктан бүгүнтөн тарта стадиондун келечектеги иштөөсүнө, анын мазмундуу толукталышына жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген кызматтарды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат», – деп баса белгиледи.