Кыргыз балбандары (U-17) Афинада өткөн чемпионатта 7 медаль жеңди
6 август

Кыргыз балбандары (U-17) Афинада өткөн чемпионатта 7 медаль жеңди

Үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан 3-августуна чейин Грециянын Афина шаарында спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 17 жашка чейинки кадеттер (U-17) арасындагы дүйнө чемпионаты болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, эл аралык мелдешке Кыргызстандын курама командасынын балбандары грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча катышты.

Жыйынтыгында кыргызстандык балбандар жалпы 7 (жети) медалга ээ болду:

  • Грек-рим күрөшү – 4 медаль (1 алтын, 2 күмүш, 1 коло);
  • Эркин күрөш – 2 коло медаль;
  • Кыздар күрөшү – 1 коло медаль.

Грек-рим күрөшү:

  • Альхам Абдирасулов – 55 кг (алтын медаль);
  • Нуркерим Кумарбеков – 45 кг (күмүш медаль);
  • Амангелди Ысакбаев – 60 кг (күмүш медаль);
  • Нурислам Өскөнбаев – 80 кг (коло медаль).
  • Улук машыктыруучу: Дастан Муктаров.

Эркин күрөш:

  • Довудбек Бахадиров – 48 кг (коло медаль);
  • Адисбек Алтынбеков – 65 кг (коло медаль).
  • Улук машыктыруучу: Надырбек уулу Улан.

Кыздар күрөшү:

  • Асема Асангарыева – 40 кг (коло медаль).
  • Улук машыктыруучу: Нурсултан Аскарбеков.

Жалпы командалык эсепте:

• Грек-рим күрөшү боюнча команда – 4-орун.

• Эркин күрөш боюнча команда – 8-орун.

• Кыздар күрөшү боюнча команда – 9-орун.

Мындай көрсөткүч Кыргызстандын кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатындагы эң мыкты көрсөткүчү болуп саналат.