Бишкекте "Чексиз спорт" пара марафону өтөт
Бишкекте Д. Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада ("Спартак" стадиону) 15-ноябрда пара марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Марафон "Чексиз спорт" деген ураан алдында өтүп, ага майыптыгы бар жарандар катышат.
Марафондун максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, калкты спортко тартуу жана эл аралык спорттук байланыштарды бекемдөө. Бул марафон инклюзивдүү спортту колдоого жана ар бир адам үчүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бирдей шарттарды түзүүгө багытталган.
Иш-чараны КР Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциясы, "Кыргызстан улуттук паралимпиадалык комитети" коомдук бирикмеси, "Жеңил атлетика федерациясы", жана "Дүйнөлүк марафон дирекциясы" коомдук бирикмеси уюштурууда.