
Омар Ливаза 22 жашка чейинки Азия чемпионатынын жарым финалында индиялык мушкерди утту
22 жашка чейинки боксчулар арасындагы Азия чемпионатында Омар Ливаза өзүнүн жогорку чеберчилигин көрсөтүп, ишенимдүү түрдө жарым финалга чыкты. Алдыңкы төрттүккө чыгуу үчүн болгон күрөштө Индиянын өкүлү менен кез келип, атаандашын үч жолу нокдаунга түшүрүп, таасирдүү жеңишке жетишти.
Үчүнчү нокдаундан кийин күрөш токтотулуп, Леваз техникалык нокаут менен жеңүүчү деп табылган.
Ошентип Омар өзүнө жок дегенде коло медалды кепилдеп, алтын үчүн күрөштү улантат.