Бишкекте футбол боюнча төрт улуттун эл аралык турнири өтөт
2 июль

Бишкекте футбол боюнча төрт улуттун эл аралык турнири өтөт

Бишкек шаарында 15–23-июль күндөрү футбол боюнча олимпиадалык курамалар арасында (U-23) төрт улуттун эл аралык футбол мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Бул турнирге Кыргызстандын олимпиадалык (U-23) курама командасы жана Оман, Бахрейн, Сирия мамлекеттеринин курамалары катышат.

Беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо жана «Алга» футболдук клубунун стадионунда өтөт.

Бардык оюндарга кирүү акысыз. 

Мелдештин жүгүртмөсү:

17-июль

  • саат 19:00 –  Оман жана Бахрейн («Алга» ФК стадиону)
  • саат 21:00 –  Кыргызстан жана Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону)

20-июль

  • саат 19:00 – Сирия жана Бахрейн («Алга» ФК стадиону)
  • саат 21:00 – Кыргызстан жана Оман (Д. Өмүрзаков стадиону)

23-июль

  • саат 19:00 – Оман жана Сирия («Алга» ФК стадиону)
  • саат 21:00 – Кыргызстан жана Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону)

Белгилей кетсек, мелдеш 1–9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турчу Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, “E” тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.