Ош мэриясы
6 апрель
Оштун мэри “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Алай” футболдук клубуна жаңы автобус тапшырды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин аталган клубда транспорт муктаждыгы болуп, оюнчуларды ташууда кыйынчылыктар жаралып келген.
Бул демилге спортту өнүктүрүүгө жана футболчуларга жакшы шарттарды камсыздоо максатында ишке ашырылды.
Өз кезегинде клуб өкүлдөрү көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, бул колдоо жаңы ийгиликтерге жол ачарына ишеним артышты.
