Салык кызматкерлери арасындагы 2025-жылкы спартакиаданын жеңүүчүлөрү аныкталды
Жыйынтыгында эки жыл катары менен Салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлеринен түзүлгөн команда биринчи орунду ээледи. Экинчи орун Ош шаарынын салыкчылардын командасына ыйгарылды, ал эми үчүнчү орунду Ысык-Көл облусунун салык органдарынын командасы алды.
Эскерте кетсек, спартакиада 2–3-май күндөрү Ысык-Көл районунун Бостери айылында өттү. Ага борбордук аппаратты жана бардык аймактык салык органдарын камтыган 12 курама командадан турган 360тан ашык кызматкер катышты.
Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлдү: жеңил атлетика, волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, үстөл тенниси, аркан тартыш жана бильярд.
