
«Алай» – Кыргыз Республикасынын футзал боюнча 2024-2025 чемпиону
8-июнда Бишкек шаарындагы «Газпром» спорткомплексинде футзал боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты «1XBET-Суперлиганын» финалдык сериясынын төртүнчү оюнун алкагында «Алай» жана «Art Blast Group» ортосунда кез келди. Жолугушуунун алдында сериянын эсеби 2:1, «Алай» командасынын пайдасына болгон.
Оюндун курчтугуна, жогорку темпине, кооптуу учурлардын көп болгондугуна карабастан, бул беттеште жалгыз гана гол киргизилди. Ал гол «Алайга» үчүнчү жеңишти жана эңсеген трофейди алып келди. Бул чемпиондук голдун автору Калдуубай Акматов болду. Беттеш аяктаган соң, салтанаттуу сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлүп, анын алкагында сезондун мыкты оюнчулары да аныкталып, жарыяланды.
Финалдык сериянын беттештеринин жыйынтыктары:
- Art Blast Group – Алай 2:2 (П 3:4)
- Art Blast Group – Алай 6:5
- Алай – Art Blast Group 8:5
- Алай – Art Blast Group 1:0