Браузман жана Атабаев «Абдыш-Ата» менен келишимди узартты
21 январь

Браузман жана Атабаев «Абдыш-Ата» менен келишимди узартты

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын коргоочусу Християн Браузман менен жарым коргоочу Эрбол Атабаев «Абдыш-Ата» футболдук клубу менен келишимдерин узартты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты. 

Бул оюнчулар менен болгон келишимди узартуу «Абдыш-Атанын» курамын, жаңы сезондун алдында бекемдейт.