Muhamet Malo-2026 мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 март

Muhamet Malo-2026 мелдеши жыйынтыкталды: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча Muhamet Malo-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча:

  • Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) - алтын медаль;
  • Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) - күмүш медаль;
  • Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) - коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан катышкан төрт спортсмендин бардыгы медаль тагынышты:

  • Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;
  • Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) - күмүш медаль;
  • Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) - коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча:

  • Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) - коло медаль;
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) - коло медаль.