Кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды
9 июнь

Кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш жыйынтыкталды

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-июнда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет. 

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Белгилей кетсек, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана Дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналып өткөрүлгөн.