КФБ ProTrainUp санариптик платформасын киргизүүдө
Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) футболду башкарууну санариптештирүү багытында дагы бир маанилүү кадам таштап жатат — быйылкы жылдан тарта улуттук курама командалардын ишине ProTrainUp профессионалдык платформасы киргизилүүдө.
КФБдан кабарлашкандай, бул чечим командалардын ишин оптималдаштырууга жана оюнчулардын даярдык этабындагы маалыматтардын системалуу турдө камсыз кылууга багытталган.
Платформа машыгуу процесси, медициналык жана оюн маалыматтарын сактоого жана талдоого мүмкүнчүлүк берип, улуттук курама командалар менен иштөөгө комплекстүү жана бирдиктүү мамиле түзөт.
Анын алкагында КФБнын техникалык бөлүмү эркектер жана аялдар арасындагы футбол жана футзал курама командаларынын, ошондой эле Улуттук футбол академиясынын командаларынын машыктыруучулар штабы менен жолугушууларды өткөрүп, системаны ишке киргизүүгө жана ага ыкчам көндүрүүгө көмөктөшүүдө.
