Балыкчы шаарында өтө турган «Гран-При Ысык-Көл 2025» веложарыш боюнча маалымат жыйыны болду
12 апрель

Балыкчы шаарында өтө турган «Гран-При Ысык-Көл 2025» веложарыш боюнча маалымат жыйыны болду

Бостериде (Ысык-Көл облусу) велоспорт спорт боюнча «Гран-При Ысык-Көл 2025» веложарыш боюнча маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйынга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлү Төлөсүн Ырысалиев, федерация өкүлдөрү жана машыктыруучулар катышты.

Белгилей кетсек, 12-13-апрель күндөрү Балыкчы шаарында (Ысык-Көл облусу) велоспорт спорт боюнча «Гран-При Ысык-Көл 2025» веложарыш өтөт.

Мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Орусия, Жапония жана Тажикстандан келген 180 спортчу катышат.