Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-23) тарыхта биринчи жолу Азия кубогуна чыкты
Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы 2026-жылкы Азия кубогунун тандоо оюндары алкагында Шри-Ланка командасына каршы чечүүчү беттешти өткөрдү.
Беттеш 9-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алды.
Буга чейин курамабыз «Е» тайпасынын ичинде Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген, ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, ал 2:2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктаган.
Бүгүнкү беттеш курама командабыздын ишеничтүү 6-0 эсебиндеги жеңиши менен аяктап, курама командабыз башка атаандаштарды артта калтырып, 7 упай менен турнирдик жадыбалдын 1-орунунан Азия Кубогуна болгон түз жолдомону камсыздады. Голдордун авторлору: Марлен Мурзахматов (14’, 45+5’), Кими Мерк (46’), Християн Браузман (59’), Эрбол Абдужапаров (67’) Саид Дациев (75’).
Эскертсек, бул жаш курактагы биздин курамабыздын тарыхта алгачкы жолу континенталдык биринчиликке чыгышы!
Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Аравия автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү - 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт комада финалдык баскычка жолдомо алышты. Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын 7-25 январь күндөрү Сауд Аравиясында өтөт.
