Жалал-Абадда КФБнын «D» сертификаты боюнча машыктыруучулар курсу жыйынтыкталды
13 февраль

Жалал-Абадда КФБнын «D» сертификаты боюнча машыктыруучулар курсу жыйынтыкталды

6-8-февраль күндөрү Жалал-Абад шаарында КФБнын «D» сертификаты боюнча машыктыруучулук курсу өтүп, ал балдар футболу боюнча жаңы адистерди даярдоого багытталды.

Бул окууга машыктыруучулук карьерасын баштоону каалаган 26 адам катышып, теориялык жана практикалык сабактарда жигердүүлүгүн көрсөтүштү.

Курстун башкы инструктору катары КФБнын өкүлү Березовский Валерий Юрьевич дайындалды. Ал жаштар жана чоңдор футболу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар адис.