Чолпон-Атада эл аралык Run the Silk Road марафону өтөт
24 апрель

Чолпон-Атада эл аралык Run the Silk Road марафону өтөт

Чолпон-Ата шаарында 3-майда эл аралык Ысык-Көл Run the Silk Road марафону старт алат. 

Эл аралык марафонго ШКУга мүчө болгон алдыңкы спортчулар, Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалоочулар катышат.

Марафондун алкагында 42,2 , 21, 1, 10, 3 чыкырым жана скандинавиялык басуу дистанцияларында жарыш өтөт.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, быйыл марафонго 4 миңден ашык катышуучу келери күтүлүүдө. 

Марафонго катышуу үчүн www. runthesilkroad.com шилтемеси аркылуу катталса болот.