Бишкекте спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 24-февралда эркектер жана кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Мелдештин салтанаттуу ачылышына Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов, самбо федерациясынын өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Мелдеш 26-февралда жыйынтыкталат.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
50 кг (спорттук самбо):
1-орун Канышай Аманкулова (СД СЕ);
2-орун Жаннат Тынчтбекова (СД Каракол);
3-орун Дилбар Раимжанова (Жалал-Абад);
3-орун Сумая Саирова (Көркөм Академия).
54 кг (спорттук самбо)
1-орун Сезим Жумакеева (СД Каракол);
2-орун Акак Үсөн кызы (Ак-Илбирс);
3-орун Эркеайым Мирланбекова (Көркөм Академия);
59 кг (спорттук самбо);
1-орун Ырыскан Ботбаева (СД Каракол);
2-орун Акмарал Олжобаева (Ак-Илбирс);
3-орун Бегимай Бекболсунова (СД Каракол);
3-орун Танзира Гадиева (Көркөм Академия).
Эркектер арасында:
58 кг (спорттук самбо);
1-орун Бакай Уланов (Алга Каракол);
2-орун Кимал Оболбеков (Алга Каракол);
3-орун Санжарбек Марун уулу (Ош);
3-орун Ниязбек Абдижалилов (Ош).
64 кг (спорттук самбо);
1-орун Дастан Исаков (Кемин СД);
2-орун Кайрат Жусуп уулу (ВВ МВД);
3-орун Али Сагынбеков (Алга Кара-көл);
3-орун Белек Бараканов (Чолпон-Ата).
79 кг (күжүрмөн самбо);
1-орун Айтеңир Алтынбек уулу (Барс);
2-орун Элхан Орозалиев (Барс);
3-орун Курманбек Замирбек уулу (Жалал-Абад);
3-орун Бекарстан Назарбек уулу (СОБР Баткен).
98 кг (күжүрмөн самбо);
1-орун Бекназар Жээмырзаев (Жалал-Абад);
2-орун Кансултан Сапарбаев (Ош Каганат);
3-орун Абдымалик Урумбеков (Барс);
3-орун Бексултан Керимбеков (Жалал-Абад).
