Кыргызстанда кытайлык спортчулардын катышуусунда чоң марафон өткөрүү пландалууда
31 март

Кыргызстанда кытайлык спортчулардын катышуусунда чоң марафон өткөрүү пландалууда

Күз айынын башында Кыргыз Республикасында кытайлык спортчулардын катышуусунда чоң марафон өткөрүү пландалууда. Аны ишке ашыруу боюнча талкуу Туризм фондунун президенти Кылычбек Рысалиев менен «Сиань Кытай Мерчантс» туристтик компаниясынын жетекчиси Ли Юаньсяндын жолугушуусунда болду.

Фонддон кабарлашкандай, 2016-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан марафон Сиань шаарында абдан популярдуу.

Быйыл уюштуруучулар аны Кыргыз Республикасында өткөрүп, анын катышуучуларына бир эле учурда бир нече облустарды, анын ичинде Ысык-Көл жана Бишкек шаарларын көрсөтүүнү пландаштырууда.

Марафонго миңге жакын адам катышары күтүлүүдө, алардын арасында кытайлык блоггерлер жана журналисттер да бар. Алардын бардыгы биздин өлкө, кыргыз элинин маданияты жана каада-салты жана Кыргыз Республикасынын эбегейсиз туристтик потенциалы жөнүндө көбүрөөк биле алышат.