Баткенде “Манас оюндары” жыйынтыкталды — жеңүүчүлөр
Баткен шаарындагы борбордук стадиондо 13-октябрда “Манас оюндары” спорттук иш-чарасы жыйынтыкталды.
“Манас оюндары” айкүр (канталамай), кыргыз күрөшү, ордо, салбуурун жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлдү.
Улуттук спорттук оюндарга Кыргызстандын 7 облусунан жана 2 шаарынан келген спортчулар катышып, жеңүүчүлөр медаль, диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
Жыйынтыгында:
- Бишкек шаары - 1-орун, 800 000 сом;
- Ысык-Көл облусу 2-орун, 500 000 сом;
- Талас облусу - 3-орун, 300 000 сом;
- Чүй облусу - 4-орун, 200 000 сом;
- Баткен облусу - 5-орун, 100 000 сом;
- Ош шаары - 6-орун, 100 000 сом;
- Нарын облусу - 7-орун, 100 000 сом;
- Ош облусу - 8-орун, 100 000 сом;
- Жалал-Абад облусу - 9-орун, 100 000 сом.
“Манас оюндары” - кыргыз элинин байыркы тарыхынан, салт-санаасынан жана маданий баалуулуктарынан күч алган, улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган ири республикалык спорттук иш-чара болуп эсептелет.
Аталган ири иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Спорт агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
