АФКнын Массалык футбол күнү Кыргызстандык бардык аймактарында белгиленүүдө
28 май

АФКнын Массалык футбол күнү Кыргызстандык бардык аймактарында белгиленүүдө

АФКнын Массалык футбол күнү Кыргызстандык бардык аймактарында белгиленүүдө, деп билдирет кыргыз футбол биримдигинин маалымат кызматы. 

Билдирүүгө ылайык, Беш-Күнгөй айылындагы «Достук Арена» стадионунун машыгуу талааларында 2015-жылы төрөлгөн балдар арасында турнир башталды. Бул турнир үч күнгө созулат жана жаш оюнчулар футболдун кызыктуу дүйнөсү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

АФКнын Массалык футбол күнүнө арналган фестивалдар жана турнирлер өлкөнүн бардык региондорунда өтүп жатат: 27-майда Нарын шаарында өткөн футбол фестивалы региондун бардык бурчунан келген 200дөй баланы бириктирди.

Мындай иш-чаралардын максаты — балдардын негизги футбол көндүмдөрүн өнүктүрүү жана футбол оюн тажрыйбасын балдардын арасында жайылтуу.

Grassroots — фестивалдарда балдар жөн гана футбол ойнобостон болбостон, өз алдынча чечим кабыл алууну үйрөнүшүп, социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.