Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды
23 апрель

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү боюнча өлкө биринчилиги жыйынтыкталды

Бүгүн Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде кыз-келиндер курөшү боюнча өспүрүмдөр арасында (U-17) Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 95 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөргө "Тайманбас”Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелуу даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.