Кыргызстан футболду өнүктүрүүгө FIFAдан $25 млн алышы мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кыргызстан футболду өнүктүрүүгө FIFAдан $25 млн алышы мүмкүн

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) алдыдагы төрт жылдык циклде улуттук футбол ассоциацияларына бөлүнүүчү каражатты көбөйтүүнү пландап жатат. Ага ылайык, ар бир ассоциацияга 25 млн доллардан бөлүү сунушталууда. Бул тууралуу Associated Press агенттиги маалымдады.

Эгер программа бекитилсе, Кыргызстан да футболду өнүктүрүүгө 25 млн доллар өлчөмүндө каражат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жаңы программанын жалпы көлөмү 6,35 млрд долларды түзүшү мүмкүн. Буга чейин FIFAга мүчө болгон 211 улуттук ассоциациянын ар бирине төрт жыл ичинде 10 млн доллардан бөлүү каралган.

FIFAнын президенти Жанни Инфантино тиешелүү сунушту алты континенттик футбол конфедерациясынын жетекчилерине жөнөткөн.

Бул сунуш боюнча акыркы чечимди 2027-жылдын март айында өтө турган FIFAнын конгрессинде кароо пландалууда.

Федерация каражаттын бир бөлүгүн дүйнө чемпионатынан түшкөн кирешенин эсебинен бөлүүнү көздөп жатат. Анын маалыматына караганда, 48 курама команда катышкан 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын финансылык жыйынтыктарынын эсебинен көбөйгөн резервден 3,5 млрд доллардан ашык каражат бөлүнүшү мүмкүн.

FIFA 2022–2026-жылдарды камтыган төрт жылдык циклдеги жалпы кирешеси болжол менен 15 млрд долларга жетет деп күтүп жатат. Бул мезгилге АКШ, Канада жана Мексикада өтө турган 2026-жылкы дүйнө чемпионаты да кирет.