КРнын кармаш уруш боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына катышат
28 май

КРнын кармаш уруш боюнча курамасы Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын кармаш уруш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Бурса шаарында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. 

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, мелдеш 31-майдан 1-июнга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

  • 57 кг Автандил Жоомартбек уулу;
  • 62 кг Эрназар Асанов;
  • 73 кг Кундузбек Турсунбеков;
  • 80 кг Нурсултан Көккөзов;

Өзүн-өзү коргоо боюнча:

  • 85 кг Райымкул Кыдыралиев;
  • 85 кг Азат Жумабаев.

Курама команда башкы машыктыруучу Талас Токоров жана машыктыруучу Аманбек Кыдыралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.