Бишкекте кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өтөт
Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 8-июнда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:
- Эркектер: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
- Кыз-келиндер: 60, 66, +66 кг.
Белгилей кетсек, мелдеш Эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана Дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналган.
