Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн Азия чемпионатында 7 медаль утту
28 май

Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн Азия чемпионатында 7 медаль утту

Кыргызстандын ушу-саньда боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Тажикстандын Ходжент шаарында өткөн Азия чемпионатында 7 медаль утту. Анын үчөө алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло медаль. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Мелдеш 16-20-май күндөрү өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандан келген 350дөн ашык спортчу катышты.

Алтын медалдын ээлери:

  • 27 кг Зубайир Улугбеков;
  • 30 кг Абубакир Салахитдинов;
  • +100 кг Каримжон Балтабайев.

Күмүш медалдын ээлери:

  • 60 кг Йылмаз Эмирбеков;

Коло медалдын ээлери:

  • 65 кг Ахрор Хамракулов;
  • 60 кг Дастан Каныбек уулу;
  • 70 кг Мухаммед.

Курама команда машыктыруучулар Тагайбек Өмүржанов жана Немат Юсуповдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.