Кыргызстандык балбандар Болгарияда өтө турган U-20 дүйнө биринчилигине катышат
5 август

Кыргызстандык балбандар Болгарияда өтө турган U-20 дүйнө биринчилигине катышат

17-августта Болгарияда 20 жашка чейинки балбандар (U-20) арасында спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилиги башталат. Бул эл аралык мелдешке Кыргызстандын курама командасынын балбандары грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештерде килемге чыгат.

Мелдештер 17-августтан 24-августка чейин Болгариянын Самоков шаарында өтөт.

Эркин күрөш:

  • Баяман Керимбеков – 57 кг;
  • Аскат Токтоматов – 61 кг;
  • Өмүрбек Асан уулу – 65 кг;
  • Залкарбек Табалдиев – 70 кг;
  • Адилет Акылбеков – 74 кг;
  • Максат Табылдиев – 79 кг;
  • Элнур Акыбаев – 86 кг.

U-20 эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Алмазбек Аскаров.

Кыздар күрөшү:

  • Дильназ Абдыкадырова – 50 кг;
  • Асема Анаркулова – 65 кг;
  • Гүлнура Таштанбекова – 68 кг;
  • Кайыркүл Шаршенбаева – 72 кг;
  • Айжаркын Жанышбекова – 76 кг.

U-20 кыздар күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Билимбек Капарбек уулу.

Грек-рим күрөшү:

  • Кубаныч Аринов – 60 кг;
  • Эмирлан Дүйшөналиев – 63 кг;
  • Жантөрө Мирзалиев – 67 кг;
  • Кутман Темирбеков – 72 кг;
  • Адилет Кенжебеков – 87 кг;
  • Салахидан Акназаров – 97 кг;
  • Таласбек Бообеков – 130 кг.

U-20 грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу – Рыскулбек Эгеев.