Бекжан Калыков каратэ WKF боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту
28 май

Бекжан Калыков каратэ WKF боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандын каратэ WKF боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекжан Калыков Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Спортчу 60 кг чейинки салмакта катышкан.

Алгачкы беттеште Филиппиндик, экинчи беттешинде вьетнамдык спортучуну жеңген. Үчүнчү беттеште япониялык спортчуга жеңилген.

Көңүл жубатуучу беттеште макаолук спортчуну, коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык спортчуну утуп ,Азия чемпионатынын коло медалына ээ болду.