Ата мекендик адис Ильдар Гарифулин U-23 Азия кубогунун оюндарын тейледи
14 январь

Ата мекендик адис Ильдар Гарифулин U-23 Азия кубогунун оюндарын тейледи

Ата мекендик адис Ильдар Гарифулин Сауд Аравияда өтүп жаткан U-23 Азия кубогунун беттештерине оюн комиссары катары чакырылды.

Ильдар Гарифулин тайпалык баскычтагы «C» жана «D» тайпаларынын оюндарында иш алып барды. Бул беттештер Эр-Рияд шаарындагы «Аль Шабаб» стадионунда өттү.

«С» тайпасында Өзбекстан, Корея Республикасы, Иран жана Ливан курамалары, ал эми «D» тайпасында Ирак, Австралия, Таиланд жана Кытай курамалары күч сынашты.

U-23 Азия Кубогу 6-январда башталып, тайпалык этаптагы оюндар 14-январда жыйынтыкталды. Мелдеш чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер менен уланат. Мелдеш 24-январда жыйынтыкталат.

Ильдар Гарифулиндин эл аралык деңгээлдеги турнирде кызмат өтөөсү анын жогорку кесипкөйлүгүн дагы бир ирет тастыктап, ата мекендик адистердин Азия футболундагы аброюн жана ордун бекемдейт.