Кыргызстандык спортчулар Санкт-Петербургда өткөн турнирде байгелүү орундарды ээледи
19-22-декабрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн ACBJJ World Open Championship GI & NO-GI 2025 жиу-житсу боюнча эл аралык турниринде Кыргызстандык спортсмендер жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, өз салмак категорияларында жана абсолюттук дивизиондо байгелүү орундарга ээ болду.
Мелдештин жыйынтыгында:
- Султан Русланбеков (көк кур, 70 кг чейин): - GI бөлүмүндө 1-орун, NO-GI бөлүмүндө 3-орун;
- Арген Абдыманапов (көк кур, 70 кг чейин): - GI бөлүмүндө 3-орун, Абсолюттук категорияда 1-орун;
- Максим Бахарев (көк кур, 85 кг чейин): - GI бөлүмүндө 1-орун;
- Бекбол Жолборсов (көк кур, 80 кг чейин): - GI бөлүмүндө 2-орун;
- Актан Уран уулу (көк кур, 65 кг чейин): - GI бөлүмүндө 3-орун.
