Ошто сууда сүзүү боюнча мэрдин кубогу өткөрүлдү
2 март

Ошто сууда сүзүү боюнча мэрдин кубогу өткөрүлдү

Ош шаарында эл аралык мелдештерге катыша турган 25 спортчуну тандоо максатында 1-мартта Ош шаарынын мэринин кубогу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага шаар башчысы Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана спортчулар катышты.

Бул мелдеш калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга багытталып, жаш муундун спортко болгон кызыгуусун арттырып, активдүү жашоо образын калыптандыруу максатында уюштурулууда.

Мелдештин жүрүшүндө мыкты көрсөткүчкө жетишкен спортчулар тандалып алынып, эң күчтүү 25 сүзүүчү Ош шаарынын сууда сүзүү боюнча курама командасынын тизмегине киргизилет жана спортчулар шаар намысын республикалык жана эл аралык мелдештерде коргоого даярдалат.

Белгилей кетсек, мелдешке катышуу үчүн 158 табыштама түшкөн. Алар “Булак” ден соолукту чыңдоо борборунун бассейнинде өз күчтөрүн сынашты.

Жыйынтыгында алдыңкы орунду багындырган спортчулар диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.