Шахмат боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү. Жыйынтыгы
Бишкекте 13-23-февраль күндөрү И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекттик техникалык университетинде кыз-келиндер жана эркектер арасында шахмат боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 92 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
- 1-орун IM Элдияр Орозбаев – 9 упай;
- 2-орун IM Асылбек Абдыжапар – 9 упай;
- 3-орун IM Семетей Тологон тегин – 9 упай;
Кыз-келиндер арасында:
- 1-орун WFM Бегимай Заирбек кызы - 7,5 упай;
- 2-орун WFM Нурай Советбекова - 7 упай;
- 3-орун WCM Айжан Сездбекова - 6,5 упай.
Жаштар арасында (U-20 ):
- 1-орун IM Элдияр Орозбаев;
- 2-орун CM Руслан Момуналиев;
- 3-орун Тилекматали Сулайманов.
Кыздар арасында (U-20 ):
- 1-орун Нурай Советбекова;
- 2-орун Айжан Сездбекова;
- 3-орун Бегимай Жаныбекова ;
Спорт сүйүүчүлөр арасында:
- 1-орун Тилекматали Сулайманов ;
- 2-орун Залкар Курбанбаев;
- 3-орун Байзак Нуров;
- 1-орун Нурэлина Турсуналиева;
- 2-орун Жибек Сагынбеков;
- 3-орун Айжан Сабырбекова.
