Бишкекте эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында (U-17) эл аралык мелдеш өттү
Бишкекте 22-23-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы спорт комплексинде эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) арасында XXVIII эл аралык мелдеши болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Жеңүүчүлөргө “Тайманбас” олимпиадалык резервдеги балдар өспүрүмдөр спорт мектеби тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Белгилей кетсек, мелдеш СССРдин спорт чебери, Кыргыз СССРнин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раджап Жанаевдин жаркын элесине арналган.
