
Куттуктайбыз! Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды
Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун кайтарып алды.
Ал мексикалык атаандашы Алекса Грассону утуп алды. Беттеш 15-сентябрда Лас-Вегаста (АКШ) өттү.
Беттештин жүрүшүндө Шевченко өзүнүн күчтүүлүгүн көрсөтүп, төртүнчү раундда эки ирет муунтуу ыкмасынан чыгып кетүүгө үлгүрдү. Калыстар 5-раунддун жыйынтыгы менен жеңишти Шевченкого ыйгарышты.
Белгилей кетсек, бул мушкер кыздардын ортосундагы үчүнчү беттеш.
Биринчи ирет Грассо Шевченкодон титулду тартып алып, жеңишти илип кеткен. Экинчи беттеште болсо тең чыгышып, мексикалык мушкер чемпиондук курун сактап калган.
"Кыргызстанга жалындуу ысык салам айтам. Жакында көрүшөбүз деген үмүттөмүн", - деди Валентина Шевченко UFC чемпиону титулун кайтарып алгандан кийин.
Кыргызстандык мушкер кыз күйөрмандарына орус, испан жана тай тилдеринде ыраазычылык билдирди.