президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
11 ноябрь
Кара-Кулжа районунда 16 млн сомго спорт комплекс ачылды
Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылындагы Ж. Айтбаев атындагы толук эмес орто мектептин алдындагы жаңы спорт комплекс пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Ачылыш аземине облус башчысы Аманкан Кенжебаев, жергиликтүү тургундар катышты.
Спорт комплекстин курулушуна жалпы 16 млн 758 миң 316 сом каражат жумшалган.
Иш-чарада ыйгарым укуктуу өкүл жаштардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн шарт түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, жергиликтүү тургундарды жаңы спорттук объект менен куттуктады.
Жаңы спорт комплекс окуучулардын жана айыл жаштарынын спорт менен машыгуусуна, бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө шарт түзөт.
