Балыкчыда кичи футбол боюнча мэрдин кубогу өттү
Балыкчы шаарындагы күч түзүмдөрү жана аскер кызматкерлери арасында кичи футбол боюнча "Балыкчы шаарынын мэринин кубогу" өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- 1- орун - 20236 аскер бөлүгү
- 2- орун - Ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмү
- 3-орун - Шумкар атайын багыттагы полку
- 4- орунга - Шумкар атайын багыттагы полку ээ болушту.
Жеңүүчүлөр кубок, медалдар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Спорттук иш-чара 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган.
