Азия кубогу: Жаштар курамасынын алгачкы беттеши 5:1 эсебинде Австралиянын жеңиши менен аяктады
Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы Кытайдын Шэньчжэнь шаарында Азия Кубогунун тайпалык баскычынын алкагында Австралия менен беттешип, оюн 5:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Курама команда, кийинки оюнду 15-февралда турнирдин кожоюндары – Кытай курамасы менен өткөрөт, ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.
Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшүүдө.
Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат. Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.
