Кыргызстандын спортчулары КМШ өлкөлөрүнүн марафондук чемпионатына катышат
КМШ өлкөлөрүнүн тарыхындагы биринчи марафон чемпионаты Могилев эл аралык марафонунун (Беларусь Республикасы) алкагында өткөрүлөт.
28-сентябрда саат 11:00дө кесипкөй спортчулар эл аралык форумдун байгелери үчүн таймашка чыгат. Алар менен бирге марафон сүйүүчүлөрү, ошондой эле 10 чакырымдык жарышка жана командалык эстафетага катышуучулар старт алат.
Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан командалар катыша тургандыгы тастыкталды. Ар бир өлкөдөн үч эркек жана үч аял спортчу чыгат.
Мелдештин программасында төмөнкү аралыктагы жарыштар бар: 42 км 195 м; командалык эстафета – 42 км 195 м, 8 этапка бөлүнгөн (5 км, 5,5 км, 5 км, 5,5 км, 5 км, 5,5 км, 5 км, 5,5 км; командалар аралаш курамда болуп, курамында жок дегенде эки аял спортчу болушу шарт; ар бир катышуучу бир эле этапка чыгат); ошондой эле 10 км, 3 км жана үй-бүлөлүк чуркоо.
