Алыш күрөшү боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү
23 апрель

Алыш күрөшү боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү

Алыш күрөшү боюнча Ош шаарынын ачык биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Мелдеш Алымбек датка этно борборунда өтүп, ага Ош шаарынан жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген 300дөн ашуун жаш спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, биринчилик Кыргыз спортунун 100 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн.