Бишкектик спортчулар оор атлетика боюнча республиканын чемпиондору болушту
Чолпон-Ата шаарындагы«Газпром» спорт комплексинде өспүрүмдөр жана жаштар арасында Кыргыз Республикасынын оор атлетика боюнча биринчилиги өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Мелдешке республиканын булуң-бурчтарынан мыкты жаш атлеттер катышты.
Айрыкча, оор атлетика боюнча ӨРАБӨМдүн спортчулары мыкты жыйынтык көрсөтүп, жалпысынан 25 медаль тагынышты: 11 алтын, 8 күмүш, 6 коло.
Өспүрүмдөр арасында
1-орун:
•Арслан Молдодосов;
•Асылбеков Исхак;
•Байгачева Анисия;
•Жакыпбеков Темирлан.
2-орун:
•Мурзакулбекова Фатима;
Жаштар арасында
1-орун:
•Омуржанов Арсен;
•Туратбеков Талант;
•Нурланбек уулу Нурчолпон;
•Шакенов Илгиз;
•Шакиржанов Фарух;
•Байгачева Агата;
•Женишбек Жамиля — Кыргыз Республикасынын спорт чебери нормативин аткарды.
2-орун:
•Жолдошкулов Айтегин;
•Эрмек уулу Эрбол;
•Мийназаров Муканбет;
•Асылбеков Исхак;
•Шакирова Анара;
•Мамбетказиева Саида;
•Расулбек кызы Роза.
3-орун:
•Женишбек уулу Нургазы;
•Жайлобеков Азамат;
•Абдыкалыков Рухшат;
•Чолуков Бактыгүл;
•Молдодосов Арслан;
•Байгачева Анисия.
Мелдештин негизги максаты — өлкөдө оор атлетиканы өнүктүрүү жана 2025-жылдагы өспүрүмдөр, жаштар жана кыздар арасындагы курама командага мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат.
