Кышкы Азия оюндары: Хоккей боюнча улуттук курама команда 7-орунду ээледи
12 февраль

Кышкы Азия оюндары: Хоккей боюнча улуттук курама команда 7-орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кытай Эл Республикасынын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында 7-орунду ээледи.

Эске салсак, улуттук курам биринчи айлампада Кувейттин командасын 8:9 эсебинде, экинчи айлампада Бахрейндин командасын 29:0 эсебинде уткан эле. Үчүнчү айлампада Сингапурдун командасын 11:2 эсебинде жеңген.

Улуттук курам төртүнчү айлампада Гонконгдун командасын менен ойноп 6:5 эсебинде жеңип, 1/4 финалдык беттеште Түштүк Кореянын командасына жеңилди.

Эске салсак, хоккей боюнча мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Бахрейн, Гонконг, Кувейт, Сингапур, Түштүк Корея, Кытай, Тайвань, Таиланд, Туркменистан, Индия Макао жана Жапониянын курама командалары катышууда.