КРнын бокс боюнча жаштар курамасы Дүйнө чемпионатына даярданууда
19 октябрь

КРнын бокс боюнча жаштар курамасы Дүйнө чемпионатына даярданууда

Кыргызстандын бокс боюнча жаштар курамасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына даярдык көрүү максатында Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Маалыматка ылайык, 6-октябрда башталган окуу-машыгуу жыйыны 20-октябрда жыйынтыкталат.

Курама команданын тизмеси:
- 48 кг Ясур Таалайбек уулу;
- 51 кг Зафарбек Камилов, Момуналы Ыбрайманкулов;
- 54 кг Амантур Жумаев, Руслан Жусупов;
- 57 кг Нурболот Султанов;
- 60 кг Диербек Садиров, Алихан Майрамбеков;
- 63,5 кг Ооматбек Беленбаев, Султанмурат Бөрүбаев;
- 67 кг Рамазан Кадыров;
- 75 кг Рамазан Рахманбердиев, Рамазан Исаев;
- 80 кг Азиз Мухаммад Закиров;
- 86 кг Азим Чойбеков;
- 92 кг Тыныстан Алыбеков;
- +92 кг Мырзакир Кошалиев.
- Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.

- Бейшен Сабатаров жана Улан Төлөнбай уулу машыктыруучулар.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны “Ынтымак” олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин 2024-жылга карата календардык планына ылайык өткөрүлүүдө.