Кыргызстандык бийчилер Азия чемпиону болушту
11 апрель

Кыргызстандык бийчилер Азия чемпиону болушту

Ушул жылдын 4-6-апрелинде Малайзиянын Джохор-Бару шаарында өткөн Азия чемпионатында Кыргызстандын бийчилери жогорку жыйынтык көрсөтүштү. Бул тууралуу КРнын Бий спорту федерациясы билдирди.

Маалым болгондой, Дмитрий Блинков менен Асел Мамбетова Азия өлкөлөрүнөн келген 14 катышуучунун арасынан Латын Америка программасы боюнча 21 жашка чейинки Азия чемпиону болушту.

Чолпонбаев Ховард менен Нурланова Айбийке 21 жашка чейинки Азия чемпиондугунун европалык программасы боюнча финалга чейин жетип, татыктуу 5-орунга ээ болушту.

Бактыбекова Каныкей да эл аралык сынактарда Кыргызстандын атынан татыктуу катышып, Европа программасында WDSF Junior Solo Standard категориясында 19 катышуучунун ичинен 2-орунду жана WDSF Junior Solo Latin түрү боюнча Азиянын бардык өлкөлөрүнөн келген 59 катышуучунун ичинен подиумга бир кадам гана жетпей 4-орунду ээледи. Каныкей ошондой эле BOC Open Solo Junior 1 Standard single dance категориясында 4 алтын жана бир күмүш медалга ээ болду.

BOC Open Solo Junior 1 категориясында 26 катышуучунун ичинен танго жана тез степ бийи боюнча Асанкулова Асема эки күмүш кубокту жеңип алды.

Сынактардын бардык катышуучулары ALEXIS бий студиясынын студенттери.