Ошто футзал боюнча КР чемпионатынын алдын ала тандап алуу этабы өттү
Ош шаарында футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын алдын ала тандап алуу этабы болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Аталган мелдеш айланма систамасында болуп өтүп, бир жарым айга созулду.
Мелдешке Ош шаарынын жана Ош облусунан 15 жана 13 жаш курактагы өспүрүмдөр катышып, жалпысынан 16 команда чемпиондукка ат салышты.
► Жыйынтыгында 13 жаш курактарда
- 1-орунду Курбанмамат-Ата;
- 2 орунду Жаңы-Алай;
- 3-орунду Стандарт командасы ээлесе,
► 15 жаш куракта
- 1-орунду Курбанмамат-Ата;
- 2-орунду Жаңы-Алай
- 3-орунду Юниор командалары жеңишке жетишти.
Байгелүү орунду ээлеген спортчулар Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
